Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Өмүр өтсө мейли, өкүнбөйм деги,
Кайрылсаң мага кайра.
Сезимимди тепсеп, жанчып,
Андан сага кандай пайда?
Күтөмүн дайым, жебе жылган сайын.
Карай берип, картайды карек.
Түтөймүн түптөн, түңүлбөймүн, күтөм,
Билбесем да белдүү бир дарек.
Караңгы түндө кайсалайм,
Карагым, неге айта албайм?
Кайырма:
Өмүр өтсө мейли, өкүнбөйм деги,
Кайрылсаң мага кайра.
Сезимимди тепсеп, жанчып,
Андан сага кандай пайда?
Махабат катын карегиңе жаздым,
Карап туруп, сезбей, садага.
Айтайын десем, ашык ала келсем,
Бурасың сөздү башкага.
Жамгырлуу түндө жалгызмын,
Жан эркем, сенсиз алсызмын.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *