Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Турналар учат кеч күздө,
Канаты тосуп күн бетин.
Кош эми, кеттим алыска мен,
Эстей жүр менин берметим.
Кайырма:
Сагынба мени, сагынба,
Баш ийүү милдет тагдырга.
Сүйүүбүз кетти таарынып,
Кош эми, жаным, кайгырба!
Сен үчүн дайым жаз беле,
Жанымда жүрсөң жанашып.
Сүйүүбүз бизге ким болду экен,
Жүрүпмүн көрсө адашып.
Кайырма:
Кеч күздө учкан турналар,
Учушат жазбай катарын.
Жылуу жак издейт үмүттүү,
Ишенет бакыт табаарын.
Кайырма:

Один комментарий к “Гүланда — Турналар тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *