Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн,
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган,
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн.
Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладың, бирок баары,
Калышты ар убакта жабык болуп.
Кишилер мен сыйлаган бал-бал болуп,
Кыялдар мен ишенген жалган болуп.
Кайрадан жан талаштың жашаганга,
Көөдөнгө касиеттүү арман толуп.
Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр тирликке байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес,
Карытат ишке ашпаган армандары.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *