Түн сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?
Кайырма:
Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?
Жолугууга чакырайын,
Жообун айтып келесиңби?
Анчалык көп кыйнабачы,
Алда мени сезесиңби?
Кайырма:
Айтчы гана, жообун айтчы,
Алоолонуп күйүп барам.
Анчалык көп назданбачы,
Ал ансайын сүйүп барам.
Келчи, гүлүм көп күтпөстөн,
Максатыма жетсем окшойт.
Күтө бербей Токтогулга,
Алып качып кетсем окшойт.
Кайырма:
Сыймык Бейшекеев — Токтогулга кетесиңби тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 9765