Балыр болуп түбүндө,
Жаткым келет Ысык-Көл,
Кеме болуп белчемден,
Баткым келет Ысык-Көл,
Балык болуп шарыңдан,
Аккым келет Ысык-Көл.
Балыр болуп түбүндө да,
Жаткым келет Ысык-Көл.
Ысык-Көл, Ысык-Көл,
Жаткым келет Ысык-Көл,

Атыр жыттуу боюнда,
Жүргүм келет Ысык-Көл.
Саат сайын шанданып,
Күлгүм келет Ысык-Көл.

Толкун болуп озүмдү,
Ургум келет Ысык-Көл.
Такыр кетпей жаныңдан да,
Тургум келет Ысык-Көл.
Ысык-Кел, Ысык-Көл,
Тургум келет Ысык-Көл.

Алыс кетсем кылчактап,
Көргүм келет Ысык-Көл
Жүрөгүмдү кааласаң,
Белгүм келет Ысык-Көл.
Сени коргоп сен үчүн,
Өлгум келет Ысык-Көл.
Алыс кетсем кылчактап,
Көргүм келет Ысык-Көл.
Ысык-Көл, Ысык-Көл,
Көргүм келет Ысык-Көл

Далай жашка белгисиз,
Баргандырсың Ысык-Көл.
Далай элди узатып,
Калгандырсың Ысык-Көл.
Көрбөй уккан адамга,
Армандырсың Ысык-Көл.
Ысык-Көл, Ысык-Көл,
Армандырсың Ысык-Көл.

Маяк болуп сен үчүн
Күйгүм келет Ысык-Көл.
Жаш баладай кучактап,
Сүйгүм келет Ысык-Көл.
Тапшырмаңды мойнума,
Үйгүм келет Ысык-Көл,
Ысык-Көл, Ысык-Көл
Үйгүм келет Ысык-Көл,

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *