Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Ыр ырдасам ырларымда сенин жамалың,
Сөз сүйлөсөм сен жөнүндө айтып баяным.
Ойго батсам ойлономун өзүң жөнүндө.
Кыялданып бүт ааламга жайып канатым.
Кайырма:
Сенсиң дем күч берген,
Жарык күйгөн чырагым,
Дүйнөдө тапкан ынагым.
Колуңдан кармап, чачтарың сылайын,
Нур чачкан менин күн-айым.
Кол кармашып түбөлүккө бирге жанашып,
Эгиздердей ээрчишели бирге жарашып.
Өмүр бою өзүң менен өтсүн өмүрүм,
Айлуу түндө жылдыздарды бирге санашып.
Кайырма:
Жаз айындай жадырай бер, менин жарымым,
Түгөнбөсүн карегиңде күйгөн жалының.
Жанымда бол, жаркыраган менин жылдызым,
Күндөсү да, түндөсү да өчпөй жарыгың.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *