Токточу, жигит,
Айтайын, сенде бар бир сөзүм.
Мен сенден коркпоймун,
Сен антип кабакты түйбөгүн.
Билемин байлык бар,
Кыздарың башка дагы көп.
Бирок, ал кызга тийбегин,
Ал кызга тийбегин,
Анткени ал менин сүйгөнүм.
Кайырма:
Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм,
Болду келбей жүргүн.
Жигити бар экен деп,
Эми сен билип жүргүн.
Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм,
Дүрү-дүм-дүм.
Билемин, байлыкка,
Сен алып баарын көнгөнсүң.
Оту жок жалынга,
Калп эле кыйналып күйбөгүн.
Сен жигит таң калба,
Ал үчүн даярмын мен баарына,
Анткени ал менин,
Анткени ал менин сүйгөнүм.
Кайырма:
Куралбек Чокоев — Билип жүр тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 887