Өмүр көчүн улап, токтобой,
Мезгил сызат чексиз кыялдай.
Тоо башында бүркүт толгонот,
Тоонун көркүн аяп, кыя албай.
Кайырма:
Кереметтүү аппак Ала-Тоо,
Кылым келет сени эскерип.
Кыргыз үчүн тоодо төрөлгөм,
Түбөлүктүү сенсиң эстелик.
Алыс кетсе эгер урпагың,
Түшкө кирер арча-черлери.
Табияттын ыйык бейиши,
Ким сүйбөсүн кыргыз жеримди?
Кайырма:
Улуу тоолор, ыйык тоолорум,
Өмүрүмсүң менин бүтүндөй.
Жашоого сен кубат бересиң,
Энекемдин аппак сүтүндөй.
Кайырма:
Айланайын аппак тоолорум,
Касиеттүү бийик зоолорум…
Абидин Темиров — Ала-Тоом тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 1831