Тажабай кыймылдан кур эрке быйтыйган,
Кичине колдору быйтыйган, быйтыйган.
Жумуштан келсем сүйүнтүп,
“Ата” деп кыйкырган.
Жумуштан келсем сүйүнтүп,
“Атоу” деп кыйкырган.
Кайырма:
Көңүлүм эргип, көккө жетемин,
Айланып эле сенден кетейин.
Жан дүйнөм бүтүн, бүтүн эргиди да,
Чоңоё бер, кичинекейим. 2 жолу
Күн кечке ойногон, оюнга тойбогон,
Кез-кезде кур эрке кой десе койбогон.
Кыялы жомок, кыялкеч ааламды жойлогон,
Кыялы жомок, кыялкеч ааламды жойлогон.
Кайырма:
Жарыкка келгениң жүрөктө кубаныч,
Өнөрүң чыкканы баарыбыз кубанып.
Өмүрүң тилеп келемин, Теңирден суранып.
Өмүрүң тилеп келемин, Теңирден суранып.
Замир Арыкбаев — Чоңоё бергин кичинекейим тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 1589