Бир кембагал жашаптыр. Керээлдин кечке баш көтөрбөй иштесе да тапканы жеп-ичкенинен артпачу экен. Анын кошунасы аз иштесе да бай жашаптыр. Буга түшүнө албаган кедей бир күнү байга барып сураганы:

— Сен менден аз иштесең да бай жашайсың. Мынча байлык сага кайдан келип жатат? Билсең айтып койчу?

— Билем, мага байлыкты Алла берип жатат, — кедейдин аңкоолугун билген бай күлүп жиберет. “Мен дагы Аллага жолугуп байлык сурашым керек экен”- деген чечимге келген кедей ошол эле күнү Алланы издеп жолго чыгат. Ал абдан көп жол баскандан кийин токойго киргенинде бир арык карышкырга жолугат.

— Кайда баратасың? – деп сурады карышкыр.

— Алланы издеп баратам, байлык сурайын деп.

— Аның жакшы экен, жолугуп калсаң кантип семирсем болорун сурай келчи. Көзүмө көрүнгөн жандуунун баарын эле баса калып жеп жүрсөм да деле бир оңоло албай койдум тыржыйып, — дейт карышкыр.

Кедей карышкырга убада берип, андан ары жөнөдү. Токойдон чыкканда бир айылга жолукту. Түн кирип кеткендиктен эң четки үйгө баш багып, түнөп кетүүнү суранды эле, үй ээси жалгыз жашаган жесир аял экен, жан деп макул болуп, кедейди жакшылап сыйлап, жылуу-жумшак төшөгүнө жаткырды. Эртең менен кедей кетмекчи болуп камынганда жесир жалгыздыктан жадаганын айтып, калып өзүнө эр болуусун өтүндү.

— Мен Алланы таап байышым керек. Анын үстүнө бир карышкырга да убада берип койдум эле…

— Кантип байышты мен билем, — деди жесир.

— Адамды бир эле Алла байыта алат, ошон үчүн мен аны табышым керек,- деп кежирленген кедей жесир калуусун өтүнүп мындай айтса да болбоду, тигиндей айтса да болбой жолуна түшмөй болду.

— А жанагы карышкырга эмне деп убада бердиң эле? – деп сурады жесир акырында.

— Аллага жолугуп калсам кантип семирсе болорун сурай келем дедим эле.

— Аны деле мен билем.

— Карышкыр кантип семирсе болот анда? Билсең айтып койчу.

— Ал аңкоонун этин жесе семирет.

Ошентип кедей жесир менен коштошуп жолго чыкты. Алланы издеп көп жерлерди кыдырды, ар түрдү элдерде болду, сурабаган кишиси калган жок, бирок аны таба албай, акырында туулган айылына кайтып келатып, токойдон баягы карышкырга жолукту.

— Аллага жолуга алдыңбы? – деп сурады карышкыр.

— Жолуга алган жокмун, бирок сага кантип семирсе болорун билип келатам, — деп бир бай жесирге жолукканын, ал бирге жашоону суранганын, бирок болбой кетип калганын, ошол аял арык карышкыр аңкоонун этин жесе оңолорун айтканын саймедиреди.

— Андай болсо байлыгына кошуп өзүн да тартуулап жаткан аялды албаган сенден өткөн аңкоо барбы! – деп карышкыр кедейди ошо замат баса калып жеп салды.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи25
Акылдуу балдар23
Бакыт-таалай каякта?19
Көмөч нан (колобок) жомок19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *