Датасы: 28.10.2020
Формат: mp3

Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Ээрчитип дайым бийикке,
Элесиң чыкпайт эсимден.
Сел жүрүп дайым денеде,
Сезимди бийлеп келесиң.
Уктасам кирет түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.

Рыспай Абдыкадыров — Сагындым туулган жер сени тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *