Тайкы ойлоп, сараң болушпай,
Таң да салкын жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз, жаштыгыбыз өтөр кош айтып,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү,
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Кайырма:
Бактыгүл Бадыева — Жүрөлүчү жүрөк оорутпай тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 2631