Дайра-дайра агыла жагымдуу обон
Жайыла-жайыла дүрүлдөтүп сезимди козгогон, себеби
Кайра-кайра уккан сайын жан ойноп, баары
Жайына-жайына келгенсип тынымсыз ой тополоң
Ойлоор ойгонгонсуп бүгүн башкача
Оң жорулуп ар бир баскан кадамча
Жадырап жанган көңүл ырын
Жалооруп жааган жамгырын
Калтырдым сага аманат
Жаманы кетип, жакшы гана калат
Салынган асман кызыл жолук
Эртеңиң жылуу, шыдыр жолуң
Менден болгон бу аманат
Менин урпактарыма арналат
Кайырма:
Урпак, урпак… арналат
Урпак, урпак… арналат
Жайна-жайнап гүлзар гүлдөргө толо
Сайра-сайрап куштар бийине ороло
Айла кайда, жалгыз бизден калаар
Айлана да, жана сактап койгон коломто
Ойлоор ойгонгонсуп бүгүн өзгөчө
Ойго батып ар бир соккон жүрөкчө
Жадырап жанган көңүл ырын
Жалооруп жааган жамгырын
Калтырдым сага аманат
Жаманы кетип, жакшы гана калат
Салынган асман кызыл жолук
Эртеңиң жылуу, шыдыр жолуң
Менден болгон бу аманат
Менин урпактарыма арналат
Урпак, урпак… арналат
Урпак, урпак… арналат
Урпагыңа сакталып а
Сүйүүдөн башка не калаар
Урматына арналып а
Сыйдан башка не калаар
Деги оокатың бүтпөй не кылсаңда
Ырдан башка не калаар
Сактап койгон каттырып койгон
Дилден башка не калаар
Жадырап жанган көңүл ырын
Жалооруп жааган жамгырын
Калтырдым сага аманат
Жаманы кетип, жакшы гана калат
Салынган асман кызыл жолук
Эртеңиң жылуу, шыдыр жолуң
Менден болгон бу аманат
Менин урпактарыма арналат
Урпак, урпак… арналат
Урпак, урпак… арналат




