Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
Жолдубай Кайыпов — Ата-эне тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 12253
Эн сонун жагымдуу ыр
Аябай соонун ыр
Менің анамның ең сүйікті өлеңі! Осы өлеңді көп айтатын!
Тындасам әкем анам еске түседі