Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,Нурларынан курган кайран көпүрөм.Бекемине күмөн санап жаңылгам,Өтүмү жок болгонума өкүнөм.Кимге барып күйүтүмдү,Кимге айтып өтүнөм?Кимге барып күйүтүмдү,Кимге айтып күнү-түнү,Кимге барып өтүнөм?Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.Табалабайм, кайрылганда айт чынын,Артык бекен башка жердин көркөмү?Арбалсаң да бир келерсиң,Ала-Тоону көргөнү.Сагынганда бир келерсиң,Саргайганда бир келерсиң.Ала-Тоону көргөнү.Кала берем мекенимде сени эстеп,Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,Жаңырыгы жарар зоо.Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,Жаңырыгы жарар зоо.Сагынганда бир келерсиң,Саргайганда бир келерсиң,Ала-Тоону көргөнү.
Кутман Жолдошев — Таң сыры тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2601