Бокалдардын шыңгыр эткен дабышы,
Кубанычтан толкуп жүрөк кагышы.
Мага жагат менин туулган күнүмдө,
Ойноп-күлсө коноктордун баарысы.
Кайырма:
Бейиш болуп досторумдун арасы,
Кандай гана бактылуумун, карачы?!
Кереги эмне байлык, бийлик башканын?
Ырлар, анан достор менин канатым.
Мага жагат көздөр кирсиз караган,
Капаланып, кайгырбаса жан адам.
Мага жагат бири-бирине жакшылык,
Бакыт гана тилеп турса ар адам.
Кайырма:
Кетсе кайра келбейт экен жаштыгың,
Ырдайлычы тирүүлүктүн жакшы ырын.
Жок дегенде бүгүн, курбум, айтпачы,
Бул жашоодо өмүрлөрдүн аздыгын.
Кайырма:
Гүлнара Кахарова — Туулган күн тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2999