Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Керемет күлгөнү,
Көңүлгө чок салып өткөндөй.
От салып кеткендей ойлорума,
Жамгырдай себелеп.
Жан дүйнөм сергитип өткөндөй,
Жыргатып өткөн,
Жүзүмдөн өпкөндөй менин.
Кайырма:
Көздөрү арбалап,
Кеткендей жаралап.
Кареги карагат беле?
Сезимди тебелеп,
Сергитип себелеп,
Сунулган ыр беле?
Сүйүүсү анын беле?
Жылмайса жагымдуу,
Өмүргө дем берип өткөндөй.
Эм болуп калгандай көңүлүмө,
Ойлору сонунбу?
Оргуштап сезимде тургандай,
Оң колуң сунуп,
Дүйнөмдү кургандай менин.
Кайырма:
Жөн мен от болуп жүрөмүнбү?
Жөн мен от болуп күйөмүнбү?
Же жан дүйнөм жылыткан жүрөгүмбү?
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *