Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Элестетем ар бир күндү, жаным, сен менен,
Эркелесең дайым мага жүрөк эргиген.
Көңүлүңдү мага бурчу, ырдап берем мен,
Кайгырбачы күмөн санап, жалгыз сүйүүм сен.
Кайырма:
Жок, жок, кайгырба,
Махабатың жаныңда.
Жок, жок, зарыкпа,
Жаркылдап күл мага.
Жок, жок, таарынба,
Кайгыга алдырба.
Жок, жок кыйнаба,
Сүйүүм жок башка.
Жатканымда карып, караңгыга агып,
Жабыркадым улуп, кайгыга сүйүү салып.
Канталады жаным, кар жүрөккө алып,
Жылытпады баары, ак куудай сүйүп алып.
Кайырма:
Сагынып күтөм,
Жалжалым, сүйөм.
Өзүңдү гана, жаным,
Ишенчи мага,
Сүйүүм жок башка.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *