Датасы: 05.11.2020
Формат: mp3

Жаштык багын арман коштогон
Тагдыр бизди ошондо кошпогон
Эркелетип эми жүрөсүң
Колуңду сен мага окшогон

Бакыт багын куйут коштогон
Турмуш бизди ошондо кошпогон
Ээрчитип эми жүрөсүң
Уулуңду сен мага окшогон

Кайырма:

Уулуң мага окшогон
Мен да ага окшогом
Кара аяр көзүңө
Карай албай томсором
Аттиң көзгө жаш алып
Аттиң кантип кеч алам
Кантип эми экөөңдүн
Кадырыңа жете алам

Сүйүү дастан ким бар созбогон
Сүйүү таңын ким бар тоспогон
Байке десе сыздайт жүрөгүм
Уулуң сенин мага окшогон
Сүйүү ырын ким бар созбогон
Толкундаймын кайра козголом
Байке десе ыйлайт жүрөгүм
Уулуң сенин мага окшогон

Бек Борбиев — Уулуң мага окшогон тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *