Датасы: 17.11.2020
Формат: mp3

От болуп сүйүп жалындай
Ошумду көрөмүн жанымдай
Өрүкзарлуу Баткен жергем менин
Өмүргө бүткөн багымдай

Ааламга берген Манасты
Ардактайм асыл жер Таласым
Жаштыктын шаары Жалал-Абад
Жадырап күн жаны ачты

Кайырма:

Мекеним менин Кыргызстан
Өркүндөй бергин өсө бер
Канат кагып күйүп жанып
Кадырыңа жетемин

Кайырма:

Мекеним менин Кыргызстан
Өркүндөй бергин өсө бер
Канат кагып күйүп жанып
Кадырыңа жетемин
Мекеним менин Кыргызстан
Өркүндөй бергин өсө бер
Бактым үчүн билим күчү
Баркыңа мен жетемин

Ырыска толгон жер бети
Ыссык-Көл кыргыздын бермети
Борборлордун арасынан
Бишкекке чоктур жетели
Өзүмдүн көрөм үйүмдөй
Өзөн бир бар бекен Чүйүмдөй
Көргөндө көргөм Нарынды
Көнүлүм койбойт сүйүнбөй

Один комментарий к “Темир Назаров — Мекеним Кыргызстан тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *