Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Дөөтү пирим колдосун,
Алдыдагы узак жол.
Тагдырыбыз шыдыр болсун дейбиз,
Жолдошубуз Кыдыр бол.
Селки тарапка сапарлаш,
Сөз узатсам, таарынбас.
Менден кичүү көрүнөсүң, бийкеч,
Болосуң бейм карындаш?

Кайырма:
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен, ким капа?

Мемиредиң нени ойлой?
Койдум мен да ойготпой.
Аман-эсен барып, кайтып келгин
Көз нуруңду жоготпой.

Кайырма:
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката.
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен, ким капа?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *