Датасы: 15.12.2020
Формат: mp3

Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп
Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп
Ар бир күн түскө кулпунат балаты
Кел досум карачы
Шаң менен бул кечте кармашып биз колду
Бийлейли ырдайлы

Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы
Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы

Кайырма:

Жаңы жылым келип калды
Бакыт тилеп журтума калкыма
Аяз ата тилек каалап
Биз куралы оюн зоок тамаша

Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп
Шам жанат шанданат
Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап
Жаңылмач табышмак

Кел досум табалы оюнга баталы
Бизде бул маскарад
Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак
Жашасын ынтымак

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *