Датасы: 26.12.2020
Формат: mp3

Сөзү Калык Акыевдики. Обону элдики

Сай сагызган (ээ) сайда экен,
Сан жылкы колхоз жайда экен.
Сагынсам көзгө көрүнбөйт,
(Оо) санаалаш жарым кайда экен.
(Ээ) санаалаш жарым кайда экен.

Көк көгүчкөн (ээ) көлдө экен,
Көп жылкы колхоз жайда экен.
Көрүнбөйт көзгө элесиң,
(Оо) көңүлдөш жарым кайда экен.
(Ээ) көңүлдөш жарым кайда экен.

Жазга чыккан (ээ) жашыл гүл,
Жамгырсыз гүлү солбойбу.
Жалыныңа мени күйгүзбөй,
(Оо) жакындап койсон болбойбу?
(Ээ) жакындап койсон болбойбу?

Күзгү ачылган (ээ) кызыл гүл,
Түн тийсе гүлү солбойбу?
Күйгүзбөй менин ичимди,
(Оо) көрүнүп койсон болбойбу?
(Ээ) көрүнүп койсон болбойбу?

Корунуп койсон болбойбу: 3 комментарий

  1. Обону элдики эмес!!! Обону айтылуу залкар комузчу,обончу,акын менин чоң атам Жумакадыр Айтбаевдики!!! Архивден каратсаңар да болот!!!
    Жумакадыр Айтбаев айтылуу Муса Баетовдун окуучусу болгон.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *