Датасы: 28.12.2020
Формат: mp3

Жүрөктө мууң
Көөдөн толо кусалык
Арылбай койдук санаадан
Сага жол калган өңдүү тушалып
Канткенде калам сагынбай

Арман жок эле го
Дидарыңа бир тойсом
Кайдан келдиң дүйнөмө
Чыкпас болуп катылып
Сенсиз жашайм күндөрдө
Сагынып сагынып сагынып
Терезеде гүлүң соолуду
Сагынып сагынып

Жашоо бизге окутпайт тура
А жөн гана көрсөтөт тура
Ар бир мүнөт аманат тура
Акысы суралат тура
Сенсиз күндөр кылымга тете
Сагынып сагынып
Мен чарчадым а үмүт койбойт
Сагынып сагынып

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *