Автор Николай Носов,

Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору 

Кичинекей кезибизде Мишка экөөбүз унаада жүргөнгө абдан кызыгар элек, бирок бул такыр ишке ашчу эмес. Айдоочулардан канча сурансак да, алар бизди унаага түшүрүп ойноткулары келчү эмес. Бир жолу биз короодо ойноп жаткан элек. Анан бир маалда көчөдөн биздин короонун жанына бир унаа келип токтоду. А айдоочусу машинеден түшүп, бир жакка басып кетти. Биз дароо унаага жакын чуркап бардык.  

Машина 2

– Бул Волга тура, – дедим мен билерман болуп, а Мишка:

– Жок, бул Москвич, – деди.

– Сен жакшы билесиңби?   

– Албетте, бул Москвич, карачы, анын кандай капору бар.

– Каяктагы капор? Капор деген кыздарда болот, а машинаныкы капот деп аталат. Карачы анын кузову кандай!

Мишка жакындап карап туруп мындай деди:

– Курсагы Москвичтикиндей экен.

– Сенин курсагың бар, а машинанын курсагы болбойт.

– Өзүң курсагы дедиң го?

– Мен кузову дедим, курсагы деген жокмун. Эх, сени десе! Эч нерсе түшүнбөйсүң, анан кыйын билгендей болосуң.

Мишка унаанын арт жагынан жакындап барып:

– А Волганын буфери болмок беле? Москвичтин буфери болот.

Мен:

– Жакшысы, сен эч нерсе дебей эле турчу. Эми каяктагы буферди ойлоп таба калдыңбы? Буфер деген темир жолдо жүргөн вагондордо болот, а машиналардын бампери болот. Бампер Москвичте да, Волгада да бар.

Мишка унаанын бамперин колу менен кармалап көрдү да:

– Бул бамперге отуруп алып кетсе да болот экен.

– Жок, болбойт.

– Сен коркпо. Бир аз жүрөбүз дагы, анан секирип кетебиз.

Аңгычакты машиненин айдоочусу келди да, бизди байкабай эле унаасына отурду. Мишка арт жагынан чуркап барып машинанын бамперине отура калды да, мага шыбырап жатат:

– Бол, батыраак отура кал. Кел батыраак!

– Жок, кереги жок!

– Болчу эми тез-тез. Ай, коркок десе!

Машина 3

Мен шашып барып анын жанына жармашып отура калдым. Аңгыча унаа ордунан козголуп, зуу койду.

Мишка коркуп кетип:

– Мен секирем! Мен азыр секирем!

– Жок, секирбе, кулап кетип, бир жериңди оорутуп аласың.

Ал кайра кайталап:

– Жок, мен секирем, азыр секирем! – деп бир бутун акырындан түшүрүп баштады. Арт жакты карасам, биздин артыбыздан бир машина зуулдап келе жатыптыр.

– Секирбе! Карачы, азыр тетиги машина сени тебелеп кетет!

Тротуарларда жүргөн адамдар токтоп, бизди карап калышты. Көчөлөрдүн кесилишинде милиция кызматкери ышкырыгы менен ышкырды. Мишка коркуп кетип, көчөгө секирмекчи болуп буттарын таштап, бирок колун машинадан чыгарбай, бамперге жармашып баратты, а буттары жерде сүйрөлүп калды. Мен да катуу коркуп кеттим. Аны жакасынан бекем кармап, өйдө тартып кирдим.   

Машина 4

Унаа токтоп калыптыр, а мен дагы эле жогору сүйрөп жаттым. Мишка акыры араңдан зорго бамперге чыкты. Эл бат эле чогулуп бизди тегеректеп калды. Мен:

– Бекем карма, жинди, карма! – деп кыйкырсам, баары күлүп жиберишти.

Карасам биз токтоптурбуз, анан көзүмдөн жаш куюлуп кетти.

– Түш! – дедим Мишкага. Ал коркконунан эч нерсени түшүнбөй да калды. Мен күч менен аны бамперден түшүрүп алдым. Милиция кызматкери чуркап келип, машиненин номерин жазып алды. Аңгыча унаадан айдоочусу түштү эле, баары ага жабылып урушуп киришти:

– Сен унааңдын артында эмне болуп жатканын байкабайсыңбы?! Карабайсыңбы!

Алар айдоочуга жабылып, бизди унутуп коюшту. Анан Мишкага шыбырадым:

– Жүр кеттик!

Машина 5

Билгизбей алардан алыстап, көрүнбөгөн тар көчөгө чуркадык. Күшүлдөп-бышылдап үйгө келдик. Мишканын эки тизеси тең канап кетиптир, а шымы жыртылган. Бул жана ал секирем деп буту сүйрөлгөндө болсо керек. Апасы анын жазасын да берди.

Анан кайра Мишка мындай деп калды:

– Шымды, эч нерсе эмес, тиксе болот, а буттарым өзү айыгат. Менин айдоочуга боорум ооруп жатат: балким, ал биз үчүн зыян тарткандыр. Жана милиция кызматкери анын машинесинин номерин жазып алып жатканын көрдүңбү?

Мен:

– Кап, ал жерден качып кетпей эле, айдоочу күнөөсүз экенин айтсак болмок экен.

– Кел, анда милиция кызматкерине кат жазып коёлу, – деди Мишка.

Ошентип биз милицияга кат жазып кирдик. Жаздык, жаздык, 20 чакты баракты булгадык. Анан акыры мындай деп жаздык:

“Урматтуу жолдош милиционер! Сиз номерди туура эмес жазып алдыңыз. Башкача айтканда, номерди туура жаздыңыз, болгону айдоочу күнөөлүү экендиги туура эмес. Айдоочу күнөөлүү эмес: биз Мишка экөөбүз күнөөлүүбүз. Анын унаасына биз байкатпай жармашып алганбыз, ал көргөн эмес. Айдоочу жакшы киши жана ал жолдо туура жүрөт”.

Конверттин сыртына:

“Горький жана Большая Грузинская көчөлөрүнүн бурчу, милиционердин колуна тийсин”.

Катты бекитип, атайын кат таштоочу кутуга таштадык. Милициянын колуна тийип калар.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы42
Кырк калп жомок42
Акылдуу балдар38
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз37
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)33
Акылдуу кыз31
Акылдуу кыз жомок31
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Каниет кылуу - Илегилек26
Бир туугандар - Карагат тексти24

Машина: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *