Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Ат баспаган асканын,
Аралап басып ак карын.
Жайыттап күнгөй-тескейин,
Кой болду менин бакканым.
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Тетиги Сары-Кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!

Ат баспаган асканын
Мен бастым шагыл-таштарын.
Кой баккан сонун турбайбы,
Балалык ойду таштадым.
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!

Деги эле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын.
Кыз сүйгөндөй болосуң,
Сылап саамай чачтарын.
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Күн кечтеп кетти короого,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!
Кара бир тоого, кыр жакка,
Чойт эркечим, чойт эркечим, баштагын!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *