Датасы: 13.02.2021
Формат: mp3

Өткүн өткүн өтүп өтүп кет
Нөшөрлөтө сүйүү төгүп кет
Жазым менин
Жолугууга бүгүн келип кет
Жүрөгүмдүн гүлүн терип кет
Каныкейим жаным менин

Сен мага бүтпөгөн дастан болдуң
Жүрөктө катылган арман болдуң
Эй кантейин Каныкейим
Жаным менин

Жан дүйнөмө батпай эриккем
Жолукканда сүрдөп демиккен
Кезим менин
Толкун болуп ташып толкуп кел
Кучагыма жаным толуп кел
Каныкейим жароокерим

Сен мага бир келген сүйүү болдуң
Жүрөктө түйүлгөн түйүн болдуң
Оо кантейин Каныкейим
Күн сайын сүйүп барам
Бакытка сүңгүп барам

Жүрөктө жашап алган
Сүйүүмдү кантип танам
Өзүңдү эстеп алып
Күн сайын ойго батам
Каныкейим жаным менин
Сездим мен баардыгын айла жогун
Сен мага агылган дайра болдуң
Оо кантейин Каныкейим






Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *