Датасы: 13.02.2021
Формат: mp3

Ассаламу алейкум арыба Москва
Баягы тааныш Домодедово
Кайрылып келдим мен сага
Көп эле жүрдүм окшойт айылда

Сагынып сагынып кетким келе берет
Чакырып чакырып узун тарта берет
Эх Москва
Кээде ачуу кээде балым дебе
Бирде түйшүк бирде бакыт келет
Эй Москва

Ал-ахывал кандай айтчы Москва
Нечен тагдыр көрдүң экен тарыхта
Замандаш болдум мен сага
Дагы канча суулар агар алдыда

Чын эле чын эле ыразымын сага
Сүйүү таптым бүлө таптым бала
Эх Москва
Ачылбайсың такыр былк этпеген
Арман айтсаң эч бир кенебеген
Эх Москва

Сүйүшүп сүйүшүп жаштар жүрө берет
Төгүлүп төгүлүп жаштар ага берет
Эх Москва
Сагынып сагынып кетким келе берет
Сенде жашап өмүр өтө берет
Эх Москва

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *