Датасы: 19.04.2021
Формат: mp3

Карындашым ырдап берчи чертип комузду
Четте калбай мен да ырдайм созуп добушту
Жан эргиткен жагымдуу үнүндөн сенин
Кара жаным карындашым ойно комузду

Үч күү болуп өрүк чач үч кыл комузду
Кыргыз менен тен жаралган комуз жол узун
Эх агатай уксаныз комуз күүлөрүн
Эске келет аталардын жүргөн конушу

Кайырма:
Ой комузчу комузчу ойно комузду
Обон созуп бийик чыгар кана добушту
Ой комузчу комузчу ойно комузду
Кууго салып обон чалып толго комузду
Чилдир чилдир чинь чинь
Комуз ойнойт дринь дринь
Кол ойноткон комузда аттин сеники

Олтурасын суу жээгинде ойноп
Күүнүн башы камбаркан деп чертип комузду
Олтурбастан бабалардан калган мурасты
Баракелде карындашым ойно комузду

Суусу канган жан дүйнөнүз комуз күүсүнөн
Ойноп берем комуз чертип кыргыз күүсүнөн
Обон созуп кошулсаныз мен менен ырдап
Ойной албай комузумду сүрдөйм эмнеге

Тотомидин & Сурма — Комузчу: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *