Эшекче жокмунбу!

1 чи Like басыңыз.

Эки кошуна бар экен. Бир күнү бири эшигинин алдында отурса экинчиси үйүнөн чыга келип, так секире сүйүнүп, кооздук үчүн өстүрүлгөн көк шиберге кулап түшүп, кубанычтуу үн чыгарып, каткыра күлүп, ары-бери тоголонуп оонай баштайт.  Биринчи кошуна экинчисинин бул жоругуна айран таң калып туруп калат, анан эсине келгенсип сурайт:

— Педро, сага эмне болду? Жинди болгондон соосуңбу?

Педро эч нерсе укпагандай түр көргөзгөнү менен ордунан турат, бирок кайра эле шиберге кулап, ары-бери тоголоно оонап, каткыра күлүп, кубанычтуу үн чыгарат. Айран таң калган кошуна кайрадан сурайт:

— Педро, айтчы бай болгур! Эмне болду сага? Өзүңө келчи!

— Аялым башкага кетип калды! – акыры жооп берет Педро.

— Ага эмне кубанып жатасың? Кайра ыйлабайсыңбы!

— Эшекче жокмунбу, эшекче! Качан анын жонунан бүт жүктү түшүрүп, ээрди шыпырып алганда жерге жата калып оонайт, күлө албаганы менен ушунчалык кубанат дейсиң. Эшекче жокмунбу! – деп Педро кубанычтуу күлүп, ары-бери тоголонгон экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.