Эске салам ал күндөрдү жанарып,
Бек кучактап жүргөнүмдү Жанарым.
Бирге жүргөн түндөрдү Жанарым эй,
Алгач жолу сүйгөнүмдү Жанарым.
Кайырма:
Жанарым эй Жанарым,
Жүрөктөгү сагыныч Жанарым.
Жанарым эй Жанарым,
Жыпар жытты самадым Жанарым.
Өткөн күндөр эсте калар Жанарым,
Неге жүрөк муңданат Жанарым.
Жылдар өттү арадан Жанарым эй,
Жүрөгүмдө бир арман Жанарым.
Эльзар Өскөнбаева — Жанарым тексти
Датасы: 23.04.2021 Көрүүлөр: 597