Катын алам качан алам кимди алам
Аны ойлоп өзүнчө эле кыйналам
Катын алсам идиш аяк керек го
Анын баарын кайын-журтум берет го
Эсиң болсо кайын-журтка барбагын
Кайын эжеңден акча сурап албагын
Андан көрө кайын атаңдан сурасаң
Канча акча керек болсо берет го
Андан көрө кайын агаңдан сурасаң
Канча акча керек болсо берет го
Жар боорунда жарганат
Жарганат жатып карганат
Өз сүйгөнүң болбосо
Бирөөнүкү аманат