Датасы: 01.08.2021
Формат: mp3

Сагынам сагынамын
Айламды таппай жаным
Ай чыккан сайын эстеп
Айыкбай жүрөк дагы
Сагынам сагынамын
Андагы сүйүү багын
Ай менен кошо чыгып
Айтылган сырдын баары

Кайырма:

Ал кезди эстетип кыйнабачы
Айыккан жараны ырбатбачы
Ал күндөн алыстап араң жүрөм
Алтыным кыйнабачы
Армандуу күндөрдү катып терең
Азаптуу жолдорду басып келем
Ансызда кыйналып араң жүрөм
Кыйнаба кыйнабачы

Сагынам сагынамын
Арманга батып жаным
Ал күнү биз өткөргөн
Айлу түн жазды таңын
Сагынам сагынамын
Гүл болуп ачылганың
Күлкүндөн эргийт элем
Гүл каптап бакыт багын

Кайырма:

Ал кезди эстетип кыйнабачы
Айыккан жараны ырбатбачы
Ал күндөн алыстап араң жүрөм
Алтыным кыйнабачы
Армандуу күндөрдү катып терең
Азаптуу жолдорду басып келем
Ансызда кыйналып араң жүрөм
Алтыным кыйнабачы

Айрылгыз жандардай болчу эле
Айрылган жолдорго эмне себеп
Ай толгон күндөрдү шаңга бөлөп
Армансыз жандар элек
Ал күндөн бир гана элес калды
Андагы сезимдер эзет жанды
Алыстап ак сүйүүм кеткен узап
Кыйнаба кыйнабачы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *