Ырлар тексти Кайыкта Sorry, your browser does not support HTML5 audio. Калкылдап барам кайыкта, Көрпөдөй көпкөк жайыкта. Көк ирим көлдө ойногон, Көз салдым күмүш балыкка. Ыргытсам нанды талашат, Удургуп өйдө карашат. Көлүндөй ойноок көп балык Көлүнө көркү жарашат. Карматпас кыял өңдөнүп, Кылтылдайт чабак ээленип.Чабакты кармап алгандай, Баратам жыргап термелип.