Эй түптүү эл
Бир күчтүү эл
Өзүңө кайрат бер
Өзгөгө айбат бер
Батышың чыгышың
Түндүгүң түштүгүң
Болгула биригип бир муштум эл
Бөлүнбөй төгүлбөй ыдырап сөгүлбөй
Бир болчу кагылам кыргызым ий
Акылман Бакай муну айткан
Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет
Бөлүнүп калды кыргыз деп
Бөлөк бир элге кеп кетет.
Кичүүгө жолуң бер
Улууга колуң бер
Батышың чыгышың
Түндүгүң түштүгүң
Болгула биригип бир муштум эл
Бөлүнбөй төгүлбөй ыдырап сөгүлбөй
Бир болчу кагылам кыргызым ий
Султан Садыралиев — Бөлүнбө кыргызым тексти
Датасы: 21.10.2021 Көрүүлөр: 4965