Датасы: 02.11.2021
Формат: mp3

Ташка тамга баскандай
Тарыхы бар кыргыздын
Улак тартмай кыз куумай
Улуу наркы кыргыздын

Гүлдүн терип кызылын
Көргөн турмуш кызыгын
Ат жалында чоңойгом
Жылкычынын кызымын

Кайырма;

Кыз алдыга кетти кетти кетти кетти
Аркасынан калбай кана жигит жетчи
Жетчи жетчи жетчи
Бек кучактап белден
Нур жүзүнөн өптү
Өптү өптү өптү
Аргымакты чапкан
Эр жигиттин көркү
Кара жорго минген
Кыз бийкенин көркү
Кызды көрүп алган
Азаматтын өрттү

Көз кумарын кандырып
Калың элге шаң куруп
Камчыланып кыз жигит
Күлүктөрдү чаптырып
Көпчүлүктүн көңүлүн
Бул оюнга тарталып
Жигит жетпей баратса
Топ жигиттер каткырып

Тулпар учат алдыга
Туягынан чаң чыгып
Оюн менен эки жаш
Турмушуна жол куруп
Сүрөп алга олтуруп
Бирин-бири толтуруп
Четтен карап жөн турбай
Ичибизден толкуду






Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *