Датасы: 09.11.2021
Формат: mp3

Күн болуп өмүрүмө тийип турган
Шам болуп турмушума күйуп турган
Атакем асманымсыз каректеги
Кудайдан кийинки эле бийик турган

Кайырма:

Ата сиз үмүтүмсүз жалындаган
Күчтүүсүз кыйындыка багынбаган
Ак тандай ар күнүмдү жаркыраткан
Ата сиз байлыгымсыз табылбаган

Жетелеп гүл зар дүйнө арасына
Кыйналсам калкалаган канатына
Жаныма орун таппай турган кезде
Атамдын сөзү кана даба тура

Атаке жүрөгүнө деңиз чөккөн
Атаке дарагымсыз жемиш төккөн
Айланып карегимде күн сыяктуу
Ааламда сиздей жан жок мээрим төккөн

Тоолордун бийигине теңсиң ата
Толкуну шарпылдаган көлсүң ата
Ыйыгым көкүрөктө сактап жүргөн
Ырымда ырысымда сенсиң ата

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *