Датасы: 18.12.2021
Формат: mp3

Көңүлүм ооруп, көңүл соолуп,
Жабыркап дүйнөм жалгыздык тооруп
Жүргөндө жадап кусага толуп,
Сен келдиң мага ак жарык болуп.
Кайырма:
Ашыгым менин арзыган теңим,
Арначы мага ак сүйүү кебин
Сүйдүргөн менин сүйүктүү демим,
Сүйлөчү мага сүйүүнүн кебин.
Өзүңдү таппай өзгөлөр жакпай
Өткөрдүм далай өмүрдү актай,
Капилет келип, кар дүйнөм эрип,
Жарыгың чачтың жылуулук берип.
Кайырма:

Один комментарий к “Жумагүл Раимжан кызы — Ашыгым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *