Жаштыктын жакшылыктын коногубуз
Эртеңки келечектин жомогубуз
Албырып алып учкан бала чактын
Бал ширин балдай күнүн жоготконбуз
Кучактап келчи күнү сагынбарым
Ал күнү келет тура сагынаарым
Уул-кызга небереге эне болуп
Билмепмин төрдө отуруп кубантарым
Бир кезде элге ийилип чай куйчу элем
Ырыскы бак-дөөлөт бир ошол белем
Азыр мен кыз-келинди карап туруп
Салт-санаа үрп-адаттан бизге керек