Бир көргөндө калдым жактырып,
Сүйөм десең сен го ашыгып.
Махабаттын төгүп жамгырын,
Дайра болуп агып, мас кылып.
Ал абалдан такыр кете албай,
Анан кантем, кантем, кантем?
Арбап алсаң мени азгырып.
Сүйүү күчү ай, сүйүү күчү, ой
Анан кантем, кантем, кантем?
Арбап алсаң мени азгырып.
Кайырма:
Сүйүү, сүйүү, сүйүү, сүйүү күчү, ай
Сүйүү, сүйүү, сүйүү, сүйүү күчү, ай
Зордогонсуп мени кайрадан,
Махабатка кайра алданам.
Алоолонуп өрттөп жанымды,
Алтыным деп сүйүүм канбаган.
Арга барбы сүйүү күчүнө,
Адам тойбос, арман болбос,
Бул адатка кимдер барбаган?
Сүйүү күчү ай, сүйүү күчү, ой
Адам тойбос, арман болбос.
Бул адатка кимдер барбаган?
Адилет Азимов — Сүйүү күчү тексти
Датасы: 20.09.2020 Көрүүлөр: 801