Датасы: 11.03.2022
Формат: mp3

Жакшы көрүп жамалыңа жаным байланам
Жалгыз сага менин сүйүүм аманат
Башка ааламдан түшүп келдиң беле сен
Ак сүйүүмдөн дайым башым айланат

Майда майда басканыңдан ыргалып
Жылмаюдан биздин өмүр нурданып
Эч билгизбей жашап келем мен
Өзүмдөн өзүм кызганып

Кайырма :

Мончок-мончок көздөрү кара
Сага деген сүйүүм дайра
Эзилемин жаным
Карай берем сени кайра кайра
Мончок-мончок көздөрү кара
Сага деген сезимдер дайра
Эзилемин жаным
Карай берем кайра кайра

Бул дүйнөдө бир жаралат мындай махабат
Ушул сезим бизге гана жарашат
Төрт мезгилдин сулуулугу сендей
Көздөрүңө көзүм жаным кадалат
Ал ан сайын көзүм албай карадым
Канча өмүр баарын сага арнадым
Жүрөк ээлеп алган үчүн
Дары кыз деп сени атадым


Нурлан Насип — Дары кыз тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *