Датасы: 31.10.2022
Формат: mp3

Алтын балык кармадым
Тилек айтпадым
Аздыр көптүр өкүнүч
Башым чайкадым
Алты саның аманда
Жыргап жашагын
Келе берет ооматың
Койчу башкасын

Жалган жашоо жомок да
Айтсам болот да
Билип байлык дүнүйөң да
Жалтыр боекта
Жакшылыкта ардайым
Бар бол айтарым

Алтын балык кармадым
Арзуу айтпадым
Ар күн сайын сыноолор
Артка кайтпадым
Көрсөм дагы баарысын
Ичке сактадым
Келе берет ооматтың
Койчу башкасын

Алтын балык кармадым
Калоо айтпадым
Баарына мен жагам деп
Арга таппадым
Өзүмдү мен жоготтум да
Артка кайтпадым
Келе берет ооматтың
Койчу башкасын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *