Датасы: 07.05.2022
Формат: mp3

Адамды өлгөн соң мыкты дейбиз
Аттиң ай ажал кайдан чыкты дейбиз
Жараткан кайра тирилт жарым саатка
Жалбарган үнүбүздү укчу дейбиз
Жаныбызда жүргөндө карадык дейт
Жан эле бул кандай деп бааладыкбы
Жан дүйнөсү жабыркайт күтүү балким
Жарды ооз жакшы сөзгө жарадыкбы
Калтырбай көңүлдөрдү тирүү кезде
Кадырлашып жашасак колдон келсе
Жакшы сөздү эмнеге аяйбыз биз
Жараткан сүйлөгөнгө жөндөм берсе

Жашоонун канча түрлүү жолдору бар
Кээбири абдан кенен кээбири тар
Адамга бир түз жолду тандаш кыйын
Себеби жаңылуу бар адашуу бар

Жашоону байкап турсам оңдуу доңдуу
Кээде шаңдуу кээде өкүнүчтүү
Баардыгын башыбызга салып коюп
Тагдырдын сынактары түрлүү түрлүү

Акыркы биздин заман жалган заман
Азыркы биздин заман чыңдоо заман
Баардыгы өзүн гана ойлоп тура
Түшүнбөйм биз жашап жаткан кандай заман
Катуурак кармаганда башкаргандар
Жолуктурмак эмес жасагандар
Байсыңбы кедейсиңби бирдей жаза
Алышса аз болмок го таарынгандар
Коркобуз кудайлайбыз баардыгыбыз
Акыйкат чындык деген унутулган
Ким билет айткылачы биз канткенде
Жашообуз өтөт биздин эч катасыз



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *