Датасы: 09.05.2022
Формат: mp3

Сел болуп агылбайсыңбы?
Сезимге багынбайсыңбы?
Сенектик ээлеп алганбы
Сен мени сагынбайсыңбы?

От болуп жалындайсыңбы
Оргуштап агылбайсыңбы
Опкоолжуп жүрөк туйлатып
Ойлонуп сагынбайсыңбы

Карекке кабылбайсыңбы
Кайра эми табылбайсыңбы
Катарлаш баскан жаштыктын
Кайрыгын сагынбайсыңбы

Күнүмдү экчегенсиңби
Күүгүмдү беттегенсиңби
Күргүштөп өткөн жаштыктын
Күрдөөлүн эстебейсиңби

Турмуштан өксөгөнсүңбү
Тумчугуп бөксөрөсүңбү
Түйшүксүз сүйүү күндөрүн
Түшүңдө көп көрөсүңбү

Тагдырды жектегенсиңби
Таалайды чектегенсиңби
Ташкындап турган жаштыкты
Тамшанып эстебейсиңби

Үшкүрүп ээх дебейсиңби
Үйрүлүп кетпе дейсиңби
Үлбүрөк ошол кездерге
Үндөсөм кеч дебейсиңби?

Сыймык Бейшекеев — Сен мени сагынбайсыңбы? тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *