Датасы: 18.05.2022
Формат: mp3

Тамгаданбы же тамчыданбы ал
Биле албадым ай биле албайм
Алтын балыктын эй артынан жүрөм
Кайырмакка иле албай
Ага барбай барбай
Карай берем талбай
Же сүйүүмдү айтпай
Же сүйүүмдөн кайтпай
Же бириге албай
Же бириндей албай
Жүрөм күлүп күлө албай

Көрдүм эле көрдүм
Көрдүм ай
Көрүп эле дароо сүйдүм ай
Жүрөгүмдү сайды эле
Жүрөгүмдү жарды
Бир сулуусу көлдүн ай

Суу экенсиң го
Жоо экенсиң го
Ар бир жигит самачуу
Аны жараткан Ысык-Көлүмдүн
Кудуретин карачы
Неге тиктейм тиктейм
Эмне экенин билбейм
Же жаныңа жетпейм
Же жаныңдан кетпейм
Кээде билем билбейм
Кайра өзүмдү тилдейм
Жалбырактай дирилдейм

Түп жактанбы же тоң жактанбы ал
Биле албадым ай биле албайм
Ал аккуунун мен артынан жүрөм
Тузагыма иле албай
Көздү кадайм кадайм
Неге кайра жадайм
Неге алдына барбайм
Неге көзүмдү алдайм
Сезимимден танбайм
Жакшы ойлордон жандайм
Ак сүйүүмдү айта албайм

Один комментарий к “Алмаз Шаадаев — Көлдүк кыз тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *