Датасы: 19.05.2022
Формат: mp3

Бийик бирдей өскөн кош терек
Турасың боюң көк тиреп
Кылымдап өсүп турасың
Ким тиккен качан ким билет

Үч терек үч терек
Жаш кез анда күч керек
Жаратканым ыроологон бизге деп
Шамал болсо сүйлөгөндөй бутактарың бийлегендей
Ошол күндү ошол саатты күтчү элек

Сагынып дайым турабыз
Түшүмө кирет кырааңыз
Булганса ойлор кегетет
Өзүңө келип тунабыз

Үч терек үч терек
Бактылуубуз биз демек
Көркүң бизге дайым кубат күч берет
Бир да жолу жеңилбеген
Деңиздей пейли кенен
Карааныңдан кагылайын үч терек

Эмгеги элге жайылган
Эчендер чыккан айылдан
Касиеттүү Кампа атабыз
Сый-урматка алынган

Клип — Үч Терек



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *