Датасы: 08.06.2022
Формат: mp3

Ак таңым шанга бөлөгөн
Арзуумсуң менин тиреген
Тагдырдан так өзүңдөй жаным
Асыл жарды тилегем
Өзүң деп өмүр сүрөмүн
Сен менин жаркын күндөрүм
Карегиңден нур чачып сенин
Жактырамын күлгөнүн

Кайырма:

Бактым сенин күлкүңдө
Мен раазымын бул күнгө
Тагдыр сыйып өзүңсүң
Салтанаттуу бул дүйнө
Багым сенин эркинде
Ак никенин четинде
Таттуу сүйүү тартуулап
Тажы тактын өркүмө

Майрамга бөлөп турагын
Таныкпай сүйүү сунарым
Таалайымсың жүрөгүм менин
Кудай кошкон ынагым
Мээрими чексиз төгүлгөн
Жан барбы артык өзүңдөн
Жетелешип экөөбүз бирге
Бак табалы өмүрдөн

Клип — Бактым сен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *