Жаратып баарын себеби менен
Тартуулап арнап таттуу өмүрдү берген
Жалгандын сырын бул өмүр менен
Жашоодо болбос кымбат өмүрдөн терең
Кайырма:
Бакыт кайда деп танда күндө сурадым
Бактым кайда деп кечте айдан сурадым
Көрсө жалганда чексиз ааламда
Жарык дүйнөдө бакыт өмүр турбайбы
Өмүрүң чексиз ааламдан кенен
Өмүрүң байлык таза деңизден терең
Бул өмүр жалын отту да женген
Шамдагай өмүр шашып шамалдан безген
Өмүр бул жанган табылбас бакыт
Жашайлы таза берген ширесин татып
Жандуулар жашайт өмүргө шашып
Токтобойт өмүр аттиң албайсың сатып
Жакты… Мощный ыр болуптур… Ойлонуп козунду ашчу ыр болуптур азаматсыздар! Алга!