Датасы: 08.06.2022
Формат: mp3

Жаратып баарын себеби менен
Тартуулап арнап таттуу өмүрдү берген
Жалгандын сырын бул өмүр менен
Жашоодо болбос кымбат өмүрдөн терең

Кайырма:

Бакыт кайда деп танда күндө сурадым
Бактым кайда деп кечте айдан сурадым
Көрсө жалганда чексиз ааламда
Жарык дүйнөдө бакыт өмүр турбайбы

Өмүрүң чексиз ааламдан кенен
Өмүрүң байлык таза деңизден терең
Бул өмүр жалын отту да женген
Шамдагай өмүр шашып шамалдан безген

Өмүр бул жанган табылбас бакыт
Жашайлы таза берген ширесин татып
Жандуулар жашайт өмүргө шашып
Токтобойт өмүр аттиң албайсың сатып

Клип — Өмүр

Один комментарий к “Анжелика & Чынгыз Турдубеков — Өмүр тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *