Сыркоолоп ыйласам
Санаркап ыйлаган
Көтөр деп апамды
Көп эле кыйнагам
Жалгызым кечирчи
Жөнү жок кыйнасам
Кайырма:
Апакем жыргалым
Баа жеткиз кымбатым
Апакем жыргалым
Теңдешкиз кымбатым
Ырысым берекем
Ысысам көлөкөм
Арчадан бешикке
Алдейлеп бөлөгөн
Талайым эсен бол
Таяган жөлөгүм
Өзүң бар бак дайым
Өзүңдү барктайын
Жарыгым сен үчүн
Жанымда дапдайын
Апакем көп жаша
Ак сүтүң актайын